Борбор калаанын акими LRT курулушун жандандыруу тууралуу айтты

Астана LRT
sputnik.kz

Нур-Султанда LRT тармагында курулуш иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде борбор калаанын акими Алтай Көлгинов билдирди. Анын айтымында, подрядчик уюм, башкача айтканда, кытайлык консорциуму курулуш-монтаждоо иштерине даярдык көрүүдө.

Алтай Көлгинов, Нур-Султан шаарынын акими:

- Азыр курулуш сезонунун күчөшүнө байланыштуу жумуштар башталды. Шарттар ошол эле бойдон калууда. Бизде кытайлык жана жергиликтүү өнөктөштөрүбүз бар. Келишимдик милдеттенмелерге ылайык жумуш жүрүп жатат. Бирок иштерди жигердүү жүрүп жатат деп айта албайм. Интенсивдүү жумуштар каражаттын агымына байланыштуу улантылат. Учурда тышкы насыялар боюнча конкурс жүрүүдө, банктарды тандап, каржылоо булактарын аныктаган мезгилде, жигердүү түрдө баштайбыз.

Борбордун акими белгилегендей, аталган долбоорду аяктоо үчүн болжол менен 1 млрд доллар инвестиция керектелет. Буга байланыштуу акимчилик каражат тартуу конкурсун жайдын аягына чейин өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

Ошондой эле, Алтай Көлгинов брифинг учурунда шаар күнүнө карата кандай иш-чаралар өтө тургандыгы жөнүндө айтып берди. Ал учурдагы эпидемиянын кесепетинен көптөгөн пландалган иш-чаралар кыскарганын, ошондой эле онлайн форматка өткөндүгүн белгиледи. Эске салсак, быйыл борбор калаа күнүндө салттуу фейерверк болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×