Казакстандык өнүмдөрдүн Кытайга болгон экспорту артты

экспорт
atameken.kz

Казакстандык айыл чарба өнүмдөрү Кытайдын базарларында чоң суроо-талапка ээ болууда. Өткөн жылы Казакстан Кытай Эл Республикасына 2019-жылга салыштырмалуу 9% көп өнүм жөнөткөн. Бүгүнкү күндө атайын лицензия алган 800дөн ашуун казакстандык ишканалар өз өнүмдөрүн Кытайга экспорттошууда.

Сергей Салманов, Кытайдагы АО «ЭСК «KazakhExport» чет элдик өкүлү:

- Негизинен экспортчу лицензия алган болсо, демек ал даяр. Бир катар азыктардын тизмеси бар, мисалы, этти ушул категорияга киргизсе болот, анткени алар үчүн табигый суроо-талап жогору. Ошондой эле, эреже боюнча, экспорттоочу бул реестрге киргенде, анын бардык маалыматтары Кытайда автоматтык түрдө жалпыга жеткиликтүү болуп калат. Бул телефон номери, байланыш дареги. Эреже боюнча, эгерде өнүм суроо-талапка ээ болсо, анда сатып алуучулардын аягы үзүлбөйт, алар өздөрү издей баштайт. Бирок экспортчу, өз кезегинде, мүмкүн болушунча натыйжалуу байланыштарды түзүүгө, мисалы көргөзмөлөргө, форумдарга, соода-экономикалык иштерге катышууга аракет кылышы керек. Азыр мунун бардыгы онлайн форматта тез, ыңгайлуу жасалууда.

Адистер Кытайдын базарына жаңы кире баштаган адамдарга өз товарларын электрондук-соода аркылуу сатууну сунушташат. Бул ортомчуларды айланып өтүп, товарлардын баасын төмөндөтүүгө жардам берет. Ошондой эле, ири чек аралаш онлайн-аянтчаларында дүкөндөрдү ачуудан баштоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×