Серепчилер: Туруксуз дүйнөдөгү туруктуу мамлекет

Серепчилер: Туруксуз дүйнөдөгү туруктуу мамлекет
ehonews.kz

Туруксуз дүйнөдөгү туруктуу мамлекет. Бул 2020-жылдагы кыйынчылыктарга туруштук бере алган Казакстан тууралуу серепчилердин пикири. Алар пандемия учурунда өлкөдө натыйжалуу каатчылык башкаруу орнотулганын, өкмөт да өз убагында тиешелүү чараларды көргөнүн белгилешти.

БАУЫРЖАН ТӨЛЕГЕНОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:          

- Акыркы он жыл Казакстан үчүн жакшы жылдардан болду десек болот. Тышкы жана ички саясий кырдаал туруктуу болду. Коомдук институт менен мамлекеттик башкаруу иши тутумдуу жүргүзүлдү. Анын эффективдүүлүгү ушул 2020-жылдагы кыйынчылык шартында айкындалды.

Жалпы дүйнө жүзүндөгү ички дүң өнүм 5-6 % төмөндөсө, Казакстанда 1-1,5% түздү. Бул өкмөттүн калктын социалдык көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, элдин үнүн уккан мамлекеттик философияны киргизүү багытындагы чараларынын аркасында мүмкүн болду, дешет адистер. Ошондой эле, ушул жылы Президенттик институттун натыйжалуулугу далилденди. Касым-Жомарт Токаев кайра байланыш орнотуунун мисалын көрсөттү. Бул да бийлик элдин муктаждыгына көңүл буруп жатканынан кабар берет. Ошол эле учурда, быйыл саясий реформалардын биринчи пакети сунушталып, жети мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча Жогорку Кеңеш түзүлдү.

КАЗЫБЕК МАЙГЕЛДИНОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Президент иштерди мамлекеттик мааниси бар же майда деп бөлгөн жок. Анткени Сонактагы, Сатпаев шаарында болгон окуялар, мисалы Алматыдагы талдарды кыюуга байланыштуу Президент түз тапшырма берүү аркылуу бүгүнкү күндөгү коом менен бийлик ортосундагы байланышты бекемдөөгө өз салымын кошуп жатат деп айтууга болот. Анткени уга билген мамлекеттин философиясы азыркы учурда Президенттин өзүнүн түз тенденциясына негизделген деп толук айта алабыз.

ЕРЛАН САИРОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Казакстан - туруксуз дүйнөдөгү туруктуу өлкө. Бул Президент Токаевдин ар тараптуу ишинин негизги натыйжасы. Жыл башынан бери Президенттин демилгеси менен өлкөдөгү социалдык туруктуулукту сактоо, пандемия учурунда социалдык деңгээлди төмөндөтпөө боюнча системалуу кадамдар жасалды.

Келе жаткан жылы саясий реформалардын экинчи топтому сунушталат. Саясат таануучулардын божомолдоосу боюнча, бул пакет мамлекет менен коом ортосундагы байланышты мындан ары чыңдоого өбөлгө болот. 

×