Казакстанда коронавируска каршы вакцинациялоо жигердүү жүрүүдө

вакцина
s0.rbk.ru

Өлкөдө 400 миңден ашуун адам вируска каршы вакцинанын экинчи компонентин алды. Иммундаштыруу боюнча Алматы, Шымкент жана Нур-Султан шаарлары, ал эми региондордун арасында Алматы, Түркестан жана Караганды облустары алдыда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Мажилистин жалпы жыйынында билдирди.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Чын куран айында биз Казакстанга 2,3 миллион доза вакцина алып келгенбиз. Бүгүнкү күндө 1 миллион 400гө жакын адам биринчи компонент менен эмдөөдөн өттү. Вакцина Казакстандын бардык аймактарында бар. Учурда ири соода борборлорунда 1400гө жакын эмдөө пункту иштеп жатат. Экинчи компонент сөзсүз түрдө биринчисинен кийин жүрөт. Башкача айтканда, жарандар вакцинанын биринчи компонентин алгандан кийин, экинчи компоненти 21 күндөн кийин жасалат.

Белгилей кетсек, быйыл COVID-19 менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 265 миллиард теңгеден ашык суммадагы каражат бөлүнгөн. Каражат дарыгерлердин эмгек акысынын үстүнө кошуп берүүгө, ПЧР изилдөөлөрүнө, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, ата мекендик вакциналардын клиникалык сыноолору менен байланышкан чыгымдарды жабууга, ошондой эле, Жамбыл облусундагы биофармацевтикалык заводунун курулушун аяктоого жумшалат. Заводдун ачылышы жай мезгилине мерчемделген. Анда иммунобиологиялык дары-дармектер, анын ичинде ата мекендик QazVac вакцинасы өндүрүлөт.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Биологиялык Коопсуздук маселелери институтунун аянтчасында биз айына 50 000 доза вакцина алабыз, ал эми бир айдын кийин жүз миңге чейин көбөйтөбүз, бул келечекте Жамбыл облусундагы завод ишке кирген кезде, бизге жылына болжол менен 60 миллион доза менен камсыз кыла алат. Тагыраак айтканда, бул жылдын аягында болот дегенди билдирет. Анткени бизге GMP инспекциясын жүргүзүү үчүн толук кандуу

өндүрүш менен пилоттук партиялык өндүрүштү башташыбыз керек, андан кийин барып өндүрүштү баалап, аталган заводдун иштешине уруксат берсек болот.

Белгилей кетсек, аталган завод бир гана коронавируска каршы эмес, аны менен катар, бруцеллёзго, дерматитке, куш жана чочко тумоосуна каршы вакциналарды чыгарууну мерчемдөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×