Мамлекет башчысы Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгиновду кабыл алды

22.06.2022, 20:06

Касым-Жомарт Токаев борбор калаанын акимин кабыл алды. Жолугушууда Алтай Кульгинов Нур-Султан шаарынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө токтолду. Ошондой эле ал, кезекте турган жарандар үчүн жеткиликтүү турак-жай куруунун көлөмүн көбөйтүү, үлүштүк курулуш объектилерин бүтүрүү, жаңы окуу жайларын куруунун эсебинен үч смен менен окуган мектептердин көйгөйүн чечүү, буга кошумча турак-жай конуштарын газдаштыруунун, өнүктүрүүнүн жана жеке инвестицияларды тартуунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Касым-Жомарт Токаев акимчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди колдоп, Алтай Кульгиновго борбордун инфраструктурасын жана көрктөндүрүү иштерин улантууну, ошондой эле жарандардын актуалдуу маселелерин чечүүнү тапшырды.

Алтай Кульгинов, Нур-Султан шаарынын акими:

- Президент борбор калаанын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Маселен, жылуулук тармактарын өз убагында ишке киргизүү. Мисалы, ТЭЦ-3 курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле ичүүчү таза суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча. Анткени борбор калаанын калкы жыл сайын арбып барат. Ошого жараша суунун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Мындан тышкары, инженердик тармактар. Электр тармактары менен камсыз кылуу, жаңы курулуп жаткан аймактарда тиешелүү инженердик инфраструктураны өнүктүрүү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков