Казакстанда жаңы түзүлгөн облустардын транспорт номерлери кандай болот?

22.06.2022, 15:59

Казакстандын үч жаңы аймагынын жашоочуларынан мурунку мамлекеттик унаа номурларын алмаштыруу талап кылынбайт. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы үч облуска аймактык коддорду төмөнкүдөй тартипте ыйгаруу сунушталууда: Абай облусуна – 18, Жетисуга – 19, Улуутауга – 20. Эске салсак, кулжа айынын 8де Казакстан президентинин жаңы аймактарды түзүү тууралуу жарлыгы чыгып, күчүнө кирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков