Беларуста казакстандык 11 жоокердин жаткан жери табылды

22.06.2022, 10:44

Экинчи дүйнөлүк согушта баатырларча курман болгон 11 жоокердин мүрзөлөрү табылды. Бүгүнкү күндө  «Майдан жолу» отряды Беларуста издөө экспедициясын жүргүзүп жатат. Учурда ыктыярчылар Витебск облусунун Дубров районунда иштешүүдө. Жакынкы күндөрү «Рыленки» мемориалдык комплексинде казакстандык жоокерлердин эрдигине эстелик орнотулат. Согуш жылдарында Витебск аймагындагы кандуу салгылашууга казак жеринде уюшулган аскердик бөлүктөр катышкан. Маселен, 39-аткычтар дивизиясы Алматы, 238-аткычтар түзүмү Семей, Алматы, Усть-Каменогорск шаарларында түзүлгөн.

Александр Шитов, «Майдан жолу» түзүмүнүн командири:

- Биз Поднизовье айылына жакынбыз. Аскерлер согуш жүрүп жаткан аймактарды изилдеп жатышат. Табылган жоокерлерибизди диний салт боюнча жерге беребиз. Биздин негизги максатыбыз – мекен үчүн күрөшкөн эр жүрөк баатырларыбыздын ысымдарын тактоо. Дал ушул жерде Алматыда түзүлгөн аскер бөлүктөрү салгылашкан.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков