Бээжин оркестринин курамында казактын домбрасы бар

21.06.2022, 17:29

Кытайдын атактуу сахналарында улуу талаанын үнү. Казактын кош кылдуу домбрасынын Бээжин улуттук аспаптар оркестринин курамына киргенине бир нече жыл болду. Искусство жамааты тынымсыз эксперимент жасап, заманбап чыгармаларды кытай жана башка улуттук аспаптарга ылайыкташтырууда. Оркестр жылына 300гө жакын концерт берет. Ушул жылдын аягына чоң иш-чара пландалууда. Албетте, анда казактын улуттук аспабы да ойнолот.

Ли Чанцзюнь, Бээжин улуттук аспаптар оркестринин жетекчиси:

- Бээжин улуттук аспаптар оркестри Казакстандын жана башка мамлекеттердин музыкасын аткарат. Музыка менен маданият бүт дүйнөнү бириктирет деп ойлойм. Мында эч кандай тил тоскоолдук жаратпайт, бири-бирибизге нота жөнөтүп, чогуу музыка ойной алабыз. Казакстандын артисттери менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенебиз. Биздин өзүбүздүн домбрачыбыз бар, бирок бири-бирибиз менен аралашып, үйрөнгүбүз келди. Келечекте эки домбрага жеке партия берип, чоң концерт уюштуруу ниетибиз бар. Алардын бири Казакстандан, экинчиси бизден  болсо.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков