Казакстан-Иран алакасына 30 жыл

20.06.2022, 10:37

Казакстан Иран жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режимди киргизет. Макулдашууга президент Касым-Жомарт Токаевдин Тегеранга расмий сапарынын алкагында жетишилди. Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты жана өлкөлөрдүн транспорт-логистика тармагындагы дараметин бекемдөө зарылдыгын белгилешти. Ошол эле учурда «Казакстан-Түркмөнстан-Иран» темир жолун кеңейтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Сапардын алкагында алгачкы контейнердик поезд Казакстандан Иран аркылуу Түркияга жөнөп кетти. Буга кошумча, тараптар Каспийдеги Актау жана Курык, Амирабад жана Анзали портторунун жетиштүү транзиттик жана экспорттук дараметин белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Ибрагим Раиси эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков