Казакстандын Украинадагы элчилиги ишин кайрадан жандандырды

16.06.2022, 19:26

Киевде Казакстандын Украинадагы элчилигинин иши кайрадан жанданды. Башкы консул Болат Каткеновдун айтымында, дипломаттар өздөрүнүн тышкы саясий милдеттерин калыбына келтирип, аталган өлкөдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Ошондой эле, Львов, Днепр, Одесса шаарларында да консулдук кызматтар бар.

Болат Каткенов, Казакстандын Украинадагы башкы консулу:

- Украинадагы кырдаалга байланыштуу элчилик убактылуу Львов шаарына көчүрүлгөн эле. Эми Киевге кайтып келип, кулжа айынын 13нөн тарта толук кандуу иштей баштады. Бардык консулдук кызматтар ишке киришип жатат. Паспорт, күбөлүк берүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүү сыяктуу иштер калыбына келтирилди. Санариптештирүүнүн аркасында көптөгөн мамлекеттик кызматтарды санарип форматта алууга шарт түзүлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков