Акмола облусунда «кымызмурындык» иш-чарасы өттү

16.06.2022, 15:45

Бээ байлап, алгачкы кымыз ичүү аземи. Акмола облусунун тургундары «Кымызмурындык» тоюн өткөрүштү. Салтка айлангандай катышуучулар кымыз ичүү боюнча күч сынашты. 5 мүнөт ичинде 10 чөйчөк кымыз жутуп, «жыл» наамы үчүн ат салышты. Казак элинин маңызын чагылдырган иш-чарада улуттук оюндар боюнча мелдештер да уюштурулду. Чабандестер таймашып, балбандар күрөшүп, күч сынашты.

Амангелди Аужанов, Коргалжын айылынын тургуну:

- Чынын айтсам, буга чейин мындай болгон эмес. Азыр бардык аймактын калкы катышып, боз үйлөр тигилди. Бээлер байланып, ал тургай келиндер унутулуп бара жаткан салттарды бээ саап көрсөтүп жатышат.

Мурагер Ахметбеков, Шалкар айылынын тургуну:

- Көк бөрүгө 80-90 жылкы чыкты. Бул оюнга Акмола облусунун бардык аймактарынан балбандар катышты. Мелдеш аяктады. Аламан байге 25 чакырымга. Ат чабышка 30-40 жылкы катышты. Андан кийинки жорго салышка 16 чакырым болду. Тай жарышка райондун бардык аймактарынан 25-30 жылкы катышты. Күрөш бул жерде өттү. Күрөш балдар арасындагы эң кичине салмактан тарта төө балбанга чейин ар кандай салмакта өткөрүлдү.

Казактын «кымызмурындык» салты «бээ байлоо» менен «айгыр кошуу» жөрөлгөлөрү менен бирге 2018-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков