ДССУ маймыл чечегинин атын өзгөртөт

16.06.2022, 14:13

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги вирусунун атын жана оорунун өзүнүн атын өзгөртүү  тууралуу чечим кабыл алды. Учурда бул маселе ортопоксивирус боюнча адистер менен талкууланууда. Илдеттин атын туура атоо, терс таасирин азайтуу үчүн зарыл. Ал эч кимге зыян келтирбеши керек. Ошондой эле, чочко жана куш тумоосу деген аталыштар уюмдун сунуштарына туура келбей турганы белгиленди. ДСУ жаныбарларга, географияга, адам ысымдарына жана маданий шилтемелерге тиешелүү ысымдарды колдонууга тыюу салат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков