Казакстанда Улуттук курултай түзүлдү

15.06.2022, 16:32

Казакстанда Улуттук курултай түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду. Улуттук уюштуруу жыйыны Президенттин кеңеш берүүчү органы катары кызмат кылат. Анын негизги максаты - коомдук биримдикти мындан ары өнүктүрүү үчүн идеяларды жана кадамдарды концепциялоо. Улуттук курултайдын курамына парламент депутаттары, Казакстан элинин ассамблеясынын, жарандык коомдун жана саясий партиялардын өкүлдөрү, ишкерлер менен серепчилер, аймактык коомдук кеңештердин мүчөлөрү кирди - деп маалымдайт мамлекеттик катчы Ерлан Карин өзүнүн Telegram баракчасында.

Которгон: Илгиз Жамалбеков