Нур-Султанда «Жаңы Казакстан» мейкиндиги өз ишин баштады

15.06.2022, 10:07

Борбор калаада «Жаңы Казакстан» интеллектуалдык мейкиндиги пайда болду. Долбоор өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча демилгелерди жана сунуштарды биргелешип иштеп чыгууну карайт. Анын биринчи отурумунда серепчилер «Жаңы геосаясий кырдаалдагы Казакстан: тенденциялар, чакырыктар жана стратегиялар» деген темада ой бөлүштү.

Маулен Ашымбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:

- Жүргүзүлүп жаткан реформалар саясий системаны ар тараптуу кайра курууну жана демократиялаштырууну көздөйт. Жаңы Казакстандын багыты укуктук модернизациядан чоңураак жана экономикалык, социалдык жана баалуулук сыяктуу көптөгөн артыкчылыктарды камтыйт. Бул учурда интеллектуалдык багыт да маанилүү. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы этабындагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн сапаттуу интеллектуалдык колдоо көрсөтүү жана дараметти жогорулатуу зарыл.

  

Которгон: Илгиз Жамалбеков