Саясат Нурбек: учурда илим тармагын өнүктүрүү маанилүү

14.06.2022, 15:12

Жаңы түзүлгөн министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири – илимди өнүктүрүү. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри болуп дайындалган Саясат Нурбек өкмөт жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Айта кетсек, буга чейин акыркы 4 жылда билим берүү тармагын жетектеп келген Асхат Аймаганбетов жаңы окуу-агартуу министрлигине жетекчи болду.

Саясат Нурбек, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри:

-Бүгүнкү күндө биз үчүн илимди популярдуу, кызыктуу кылуу жана ага жаңы мансап дем берүү абдан маанилүү. Мисалы, Marvel тасмаларын көрсөңүз – Брюс Бэннер-Халк – окумуштуу, Тони Старк – окумуштуу. Башкача айтканда, башкы каармандар окумуштуулар. Биз өз кезегинде илимпоздордун инноватор, дүйнөнү, өлкөбүздү өнүктүрө турган инсан деген макамын калыбына келтиришибиз керек.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков