Ак-Бауыр капчыгайында көөнө эритүүчү мештер табылды

14.06.2022, 12:22

Чыгыш Казакстандын Ак-Бауыр капчыгайынан биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда курулган эрте коло дооруна таандык ири архитектуралык объекттер табылды. Археологдор сак урууларынын байыркы металлургиясынын сырын ачууга аракет кылып, кеминде ондогон эритүүчү мештердин калдыктарын табышкан. Бул экспонаттар аталган уруулардын жашоо образын түп тамырынан бери өзгөрткөн. Окумуштуулардын айтымында, сактар ​​металл эритүү өнөрүн мындан үч миң жыл мурда өздөштүргөн.

Айдын Жүнисханов, археолог:

- Бул биз айтып жаткан кварц минералынын өзү.  Мында жашаган байыркы көчмөндөр керектүү минералдарды андан алышкан. Мештерде кен байытылган.

Мында табылган бардык үлгүлөр сан менен белгиленет, башкача айтканда, алардын ар бирине атайын штрих-код берилген.

Асия Каражигитова, улуттук музейдин илимий кызматкери:

-Бул эстеликтер эрте темир дооруна таандык. Азыр менин колумда турган 40-сектордон табылган карапанын сыныктары. Ашканада колдонулган.

Акыркы алты жылдын ичинде музей фондусу өлкөнүн чыгышынан табылган 26 миң экспонат менен толукталды. Ал эми 2021-жылдын аяк оона айында Казакстандын «Улуу талаа алтыны» сериясы Улуу Британиядагы көргөзмөдө коомчулукту таң калтырган. Ата мекендик изилдөөчүлөр алдыда дагы башка археологиялык ачылыштар болот деген ишенимде.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков