Таразда балдар театрынын эл аралык фестивалы өтүп жатат

14.06.2022, 10:32

Таразда жаш балдар театралдык жамааттарынын эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана Кыргызстандан жалпысынан 11 команда катышууда. Иш-чара Балдар жылынын алкагында колго алынган. Сынактын максаты – театралдык искусствону жайылтуу жана таланттуу жаш аткаруучуларды тандоо. Фестиваль кулжа айынын 13-18-күндөрү Тараз шаарында өтөт.

Акылдос Тажиев, Жамбыл облусттук драма театрынын мүдүрү:

-Бул Таразда гана эмес, Казакстандагы биринчи балдар студиясынын театр фестивалы деп айтсак болот. Күнүнө эки-үч спектакль үзгүлтүксүз коюлуп жатат. Аны Тараз шаарынын тургундары, башкача айтканда, облусубуздун балдары бир жума бою бекер көрө алышат. Бул спектаклдердин эшиги ачык. Эч кандай билет сатылбайт.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков