Хасен Абаевдин «Керемет жер» аттуу көргөзмөсү ачылды

13.06.2022, 10:57

Улуттук музейде казак көркөм сүрөт чебери Хасен Абаевдин жеке көргөзмөсү ачылды. Маданий иш-чара өмүрүнүн 62 жылын чыгармачылыкка арнаган өнөрпоздун 80 жылдык мааракесине арналат. Аты айтып тургандай «Керемет жер», анда өлкөнүн тарыхын чагылдырган 200гө жакын эмгектер менен таанышууга болот. Кылкалем чеберинин живопись, графика жана скульптуралык чыгармалары коюлган. Анын жарымынан көбү элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшкөн коомдук ишмерлердин бейнесин чагылдырган  көркөм эмгектер.

Хасен Абаев, сүрөтчү, Казакстандын эмгек сиңирген маданият ишмери:

- Эгемендүүлүк алгандан бери биздин атактуу инсандар тууралуу жазып келем. Мен Касым Аманжоловдон баштадым, агабыздын жашоосу да тагдыры да оор болгон. Мухтар Омархан уулу Ауэзов менен Сакен Сейфуллинге арнап көптөгөн чыгармаларды жараттым. Биздин милдет аны кийинки муунга өткөрүп берүү. Аны жакшы ой менен  жакшы көз менен кароо керек. Анткени ар бир чыгарманын өзүнүн философиясы болот.

Өсербай Шоранов, сүрөтчү, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Казак сүрөт искусствосуна зор салым кошкон инсан. Бул аралыкта графика, балдар китептери жаатында бир топ иштерди жасады. Жакында жазылган, мурда көрбөгөн чыгармаларды көрүп турам. Бул адамдын өзүнүн кол тамгасы бар. Терең ойго салган өзгөчө бир касиеттери бар.

Хасен Абаев улуттук стилдеги ата мекендик басманын жаңы барагын ачты. Китептерди көркөмдөө иштерине байланыштуу Казакстандын тарыхында биринчи жолу 18 эмгек Жапонияда көрсөтүлүп, дүйнөгө таанылды. Анын бир катар эмгектери Орусия, Украина, Молдова, Португалия, Франция, Испания, Германия, АКШ жана Египеттин музейлеринде коюлган.

 

  

Которгон: Илгиз Жамалбеков