«Казакстанда энергия натыйжалуулугун арттыруу» эл аралык долбоору жыйынтыкталды

10.06.2022, 17:30

Натыйжалуулук — негизги багыт. Акыркы 7 жылда Казакстанда энергиянын натыйжалуулугу 40 пайызга өстү. Бул 2015-жылы башталган программанын жыйынтыгы. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында 96 социалдык объект энергия үнөмдөөчү шаймандар менен жабдылган. Программанын экономиканын тектеш тармактарына тийгизген оң таасири чоң - дешет талдоочулар.

Бауыржан Смагулов, «Электр энергетикасын өнүктүрүү жана энергия үнөмдөө институту» АК башкарма төрагасы:

- Биз бул долбоордун мультипликативдик эффектин көрүп жатабыз. Биринчи кезекте Казакстандын командасы көбөйдү. Долбоордо колдонулган ата мекендик шаймандар менен курулуш материалдарынын үлүшү болжол менен 85 пайызга жакын. 2000 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги менен Дүйнөлүк банк долбоорду кеңейтүү керек деген бүтүмгө келишти. Анткени жылуулукту пайдалануу жагынан жаңылануудан өтүүнү талап кылган социалдык объектилер көп.

Долбоордун оң таасири тууралуу парламенттин депутаттары да айтып чыгышты. Кечээ сенаторлор өлкөдөгү энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун арттыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан эле.

Дания Еспаева,  Парламент Мажилисинин депутаты:

- Электр энергиясын керектөөнү 30 пайызга кыскартуу бюджеттик каражаттарды 30 пайызга үнөмдөөнү билдирет. Бул долбоордун жыйынтыгы канча акчаны үнөмдөөгө болоорун көрсөтүп турат. Республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмүнүн 30 пайызын керектеген 900 ири ишкана бар. Келечекте аларда канча энергия үнөмдөөгө болорун аныктоочу атайын кызматкерлер болот. Башкача айтканда, алар энергетикалык аудит менен алектенишет. Бул компаниянын акчасын үнөмдөп гана тим болбостон, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтат.

Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен долбооруна жалпысынан 22 миллион долларга жакын каражат сарпталды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков