Сербиянын дин башчылары дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII сьездине катышат

10.06.2022, 17:27

Сербиянын руханий лидерлери жана серепчилери Казакстандын конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин колдошту. Бул тууралуу Белградда өткөн дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII съездине арналган серепчилик жыйында айтылды. Казакстандын элчиси Мади Атамкулов аталган иш-чаранын диндер аралык диалог аянтчасы катары өзгөчөлүгүн айтты. Сербиялык талдоочулар жана дин башчылары мамлекеттер менен элдердин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууда конфессиялар аралык диалогдун ролун белгилешти. Мындан тышкары, бүгүнкү күндөгү эл аралык оор кырдаалда руханий дипломатия жаатындагы мындай дүйнөлүк окуялардын мааниси ортого салынды. Сербия тарап аяк оона айында Казакстандын борборунда өтө турган сьездге катышаарын да ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков