Казакстандыктар ата мекендик авиакомпанияларынын каттамдарын көп колдонушат

10.06.2022, 10:05

Казакстандыктар көбүнчө ата мекендик авиакомпаниялардын кызматына кайрылышат. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында 2,6 миллион адам көздөгөн жерине учуп барууну чечкен - деп билдирет Ranking kz. Бул өткөн жылдагыдан 3,5 пайызга көп. Кошумчалай кетсек, коронавирус пандемиясына чейинки мезгилге салыштырмалуу өсүү 20 пайызды түзгөн. Маалым болгондой, казакстандыктар көбүнчө Алматы, Шымкент жана Нур-Султанга учууну каалашат. Жыл башынан бери ата мекендик авиакомпаниялардын кирешеси 120 миллиардка жакын теңгени түзгөн. Бул көрсөткүчтөр Казакстандын авиациялык өнөр жайынын тез өнүгүп жаткандыгын көрсөтөт. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, казакстандык авиакомпаниялар Европа өлкөлөрүнө эч кандай чектөөсүз уча алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков