Чет элдик ЖМКлар Казакстандагы референдум тууралуу

09.06.2022, 10:03

Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуу – бул башталышы гана. Эң негизгиси – өзгөрүштөрдү иш жүзүндө жүзөгө ашыруу. Бул көптөгөн серепчилер пикири. Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы элдик референдум жекшемби күнү аяктаганына карабастан, көптөгөн чет элдик басылмалар дагы эле бул темада пикирлери менен макалаларын жазышууда. Атап айтканда, америкалык Forbes өз баракчасында Ариэл Коэндин макаласын жарыялады. Анда журналист Казакстандагы саясий жаңылануунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.

«Казакстанда өткөн референдум өлкөнүн Евразия континентиндеги энергетикалык жана экономикалык базага айланышы жолундагы маанилүү кадам болуп саналат» - деди Ариэль Коэн.

Италиялык «Il Giornale» басылмасы да Казакстандагы тарыхый окуянын маанилүүлүгүн баса белгилеген. Журналист Федерико Джулиани өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдү ачык колдой турганын билдирди.

Конституциялык өзгөртүүлөр – улуттук жаңылануу жолундагы алгачкы кадамы. Анда парламенттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары күчөтүлүп, Казакстандын саясий түзүмүндөгү тең салмактуулук системасы кайра аныкталат, адам укуктарын коргоо механизмдери кайра каралат. Бир сөз менен айтканда бул Казакстан үчүн тарыхый учур.

Ошондой эле, басылмада Казакстан жарандарынын маалымдуулугу менен алардын жаңы реформаларга жана өзгөрүүлөргө даяр экендигин баса белгилеген.

Референдум 2022 ийгиликтүү өттү. Адистердин айтымында, бир дагы ката-кемчиликтер катталган эмес. Бул жогорку атуулдук милдеттин далили. Тургундар өз өлкөсүн баалап, келечектин ачкычы менен прогрессивдүү жашагысы келет. Референдумдун жыйынтыгы боюнча калктын 77,18%ы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдойт. Казак элинин тарыхында кала турган өлкөнү кайра куруу жана өнүктүрүү күнү менен куттуктайм.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков