Онкологияга чалдыккан балдардын тилегин орундаткан «Кыял дарагы» пайда болду

09.06.2022, 12:58

Нур-Султанда  «Кыял дарагы» пайда болду. Бул дарактын ар бир бутагына онкологияга чалдыккан балдардын каалоо-тилектери жазылып, илинген. Шарт боюнча конвертти ачкан жоомарт адам оорудан жапа чеккен баланын кыялын орундата алат. Демилгени Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги колго алды. Уюштуруучулар меценаттар жана ишкерлердин жардамы менен 100гө жакын баланын каалоосун аткарууну көздөйт.

Абылайхан Абдираш, «Медицина жаштары» республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы:

-Элдерге ыңгайлуу болушу үчүн электрондук кыял дарагын жасайбыз. Каалаган адам кирип, ыңгайлуу, татыктуу баланын тилегин алып, ошону орундата алат. Былтыр 117 баланын, жыл башынан бери 20га жакын баланын кыялы орундалды.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков