Мустафа Чокайдын макалалары китеп болуп басылып чыкты

08.06.2022, 12:03

Парижде коомдук ишмер Мустафа Чокайдын француз тилинде жазган макалалары китеп  болуп жарык көрдү. Чыгармаларды топтоп жыйноого Түркияда жашаган казак тарыхчысы Абдувакап Кара колго алган. 20 жылга жакын бозгунда жүргөн Мустафа Чокай жүздөгөн макалаларды жазган. Алардын 120сы француз тилинде. Жаңы жыйнакка анын француз маалымат каражаттарында жарыяланган эмгектеринин бул бөлүгү киргизилген. Келечекте Мустафа Чокайдын Батыш басылмаларында жарык көргөн макалаларын казак тилине  которуу пландалууда.

Абдувакап Кара, Мимар Синан атындагы университеттин профессору:

- Ошол изилдөөчүлөргө бул китеп  окуганга жеңил болсун. Мисалы, Чокайды кайдан билебиз? Биз аны пикирлери аркылуу билебиз. Анын өзүнүн оюн таза калеминен көрүш керек. Ошондуктан анын француз тилиндеги макалаларын биз  которгон жокбуз.  Ошол баштапкы калыбында бердик. Эми аны окумуштуулар, француз тилин билгендер түшүнүшөт. Экинчиден, анын чыгышынын бир себеби уулдарыбызды өзүбүзгө эле айта бербей Европа таанысын дедик. Аны дүйнөгө таанытышыбыз керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков