Европада казак музыкасы жаңырды

07.06.2022, 12:29

Дударай, Кусни Корлан жана башка Улуу Талаанын белгилүү музыкалары Парижде ырдалды. Аларды бир сахнада Австрия, Италия, Франция, Германия, Түркияда жашаган казак музыканттары жана ырчылары аткарышты. Иш-чара тарыхый мекенинен алыс жашаган жүздөгөн казактардын башын бириктирген чакан курултайдын алкагында өттү. Белгилей кетсек, иш-чара «Мекендештер» фондунун жана Казакстандын Франциядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Кудайберген Абилдин, ырчы, Германия:

- Эң негизгиси  өз мекениң менен дайыма байланышта болуу. Баарыбыз Казакстанда төрөлгөнбүз, эң башкысы ошол. Чет мамлекеттердеги казак маданиятынын курултайларына, концерттерине колдоо көрсөтүп, катышууга дайым даярмын.

Айдана Мадияр Музыкант, Австрия:

- Биздин музыканы Европага таанытуу абдан жакшы идея деп ойлойм. Анткени казак музыкасы оңой. Биз музыканы казакстандыктар эле эмес, европалыктар да угушу үчүн аранжировка жасадык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков