«Астана опера» театрынын Түштүк Казакстанга гастролу

06.06.2022, 19:25

Түштүк Казакстандын өнөр сүйүүчүлөрү балет шедеврлерине күбө болушат. Кулжа айынын 7-8де «Астана Опера» театрынын балет труппасы Шымкентте «Шопиниана» спектаклин тартуулайт. Айта кетсек, буга чейин борбор калаанын театр жамааты Түркстанда концерт коюп, көрүүчүлөрдү чыгыштын сырдуу дүйнөсүнө алып барып келишкен. Түрк дүйнөсүнүн руханий борборунда да романтикалык «Шехеразада» балети да сахналаштырылды. «Астана Операнын» кезектеги жайкы гастролу чыгармачылык фонддун башка мыкты чыгармаларын камтыйт. Гала-программада классикалык, неоклассикалык жана заманбап тенденциялар камтылган. Балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратованын атайын программасынын алкагында жамааттын коңур үндүү ырчыларынын өнөрлөрүн көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков