ТИМ: чет жердеги казакстандыктардын болжол менен 73 пайызы добуш берди

06.06.2022, 18:40

Референдумга чет өлкөлөрдө жашаган казакстандыктардын 73 пайызга жакыны добуш берди. Мындай маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Жалпысынан 52 мамлекетте казакстандыктар үчүн 65 шайлоо тилкеси уюштурулган. Нур-Султан убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө Вашингтон, Нью-Йорк жана Оттавадагы участкалар акыркы болуп жабылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков