Францияда Европа казактарынын курултайы өтүп жатат

06.06.2022, 12:37

Францияда Европа казактарынын курултайы өтүп жатат. Жолугушууга Европа Биримдигинде жашаган мекендештер менен Түркия жана Казакстандан келген делегациялар катышты. Жалпысынан миңге жакын адам чогулду. Алар үчүн Түркия казактарынын ассоциациясы, Париждеги казак дипломаттары жана «Мекендештер» фонду программа уюштурду. Иш-чаранын алкагында европалык диаспора өкүлдөрүнүн жолугушуусу, этно-дизайнер Казипа Кали кызынын лекциясы, ар кайсы өлкөнүн өнөрпоздорунун концерттери, жаштар үчүн бий кечеси уюштурулду. Париж курултайынын программасында маданий жайларга айланган Абай Кунанбай уулу менен Мустафа Шокайдын эстеликтерине таазим кылуу да бар.

Ертугрул Шолпан, Австриядагы казак диаспорасы бирикмесинин төрагасы:

- Биз чет өлкөдө жашайбыз... Андыктан, өз маданиятыбызды, салтыбызды сакташыбыз керек. Жылына бир жолу ушундай курултайлар болуп турса, тууган-уруктарды, жердештерибизди көрүп турабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү.

Есимхан Назир, Франциядагы түрк казактары бирикмесинин президенти:

- Бул жерде казактын желегин желбиретип, Европанын ортосунда Парижде коомубуз бар. Аны ачып жатканыбыздын себеби, биздин келечек муундарыбыз ата-баба салтын, казакты, тилди унутпасын деп ар жума сайын ушул коомдо майрамдап жатабыз.

Абзал Сапарбек Уулу, «Мекендештер» фондунун президенти:

- Албетте, мындай иш-чараларды улантууга ынтызарлык бар. Бул Казакстанда жана андан тышкары жерде жашаган казактарга керек деп айтат элем. Дүйнө жүзү боюнча биздин диаспоралар четте калып калбашын каалайбыз. Биз аларга келечекте таасирдүү жана маанилүү болууга жардам бергибиз келет. Диаспораларыбыздын иштерине зор канааттануу менен карайбыз жана өз тарабыбыздан алар менен бардык тармактарда кызматташып келебиз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков