Германия жана Борбордук Азия мамлекеттеринин дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган фото көргөзмө

06.06.2022, 11:30

Эгемен Казакстандын жана Борбордук Азиянын башка республикаларынын өнүгүү темпи кандай? Буга Германияда ачылган фотокөргөзмө далил. Экспозиция аймактын өлкөлөрү менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүү этаптары да фото эмгектерге негиз болду. Мааракелик көргөзмө эки айга созулат.

Даурен Карипов,  Казакстандын  Германиядагы элчиси:

- Бул көргөзмө үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 5не чейин уланат. Ошондуктан көргөзмөгө күбө болом дегендердин мүмкүнчүлүгү бар. Немис тараптын эшиги ар дайым ачык. Кызыккандар бул көргөзмөдө ар бир өлкөнүн тарыхы, өнүгүүсү, маданияты, каада-салты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми жалпы Казакстан менен Германиянын мамилесине келсек, эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл аралыгында эки өлкөнүн мамилеси абдан динамикалуу өнүгүп келе жатат. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык айтор бардык жагынан.

Маттиас Люттенберг, Германиянын тышкы иштер министрлигинин чыгыш Европа, түштүк Кавказ жана Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтык маселелери боюнча өкүлү:

- Германия менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жакшы өнүгүүдө. Бүгүн дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Биз үчүн Казакстан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ишенимдүү өнөктөш жана беделдүү саясий оюнчу. Бул жаатта Борбор Азия менен тыгыз байланышыбыздын көпүрөсү болуп кала берет деп ишенебиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков