Казакстандык дарыгерлер чет элде кесипкөйлүгүн жогорулатат

06.06.2022, 13:07

Атырау облусунун 80 медицина кызматкери дүйнөнүн эң мыкты клиникаларында квалификациясын жогорулатат. Үч айдын ичинде казакстандык адистер Израил, Орусия, Түркия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө билим алып, тажрыйбадан өтө алышат. Кесипкөй чеберчилигин жогорулаткан адиске эл аралык деңгээлдеги сертификат берилет.

Аскан Байдуалиев, облусттук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы:

-Ушул 2 айдын ичинде топ түзөбүз. Алардын баары башкы дарыгерлердин буйругу менен конкурстук комиссия аркылуу түзүлөт. Акушер-гинеколог, реаниматолог, медайым жана хирургдарды тандайбыз. Алар Израил мамлекетине барышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков