Референдумга шайлоочулардын 60%дан көбүрөөгү добуш берди

05.06.2022, 18:45

Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча добуш берүүгө 7 миллион 127 миң 366 адам же өлкө тургундарынын 60% катышты. Ошентип, референдум өттү деп табылды – ага тизмеге кирген жарандардын жарымынан көбү катышты. Кызылорда облусунда добуш бергендердин жогорку активдүүлүгү байкалууда. Ошондой эле алдыңкы үчтүктө Түркестан жана Караганды облустары кирди.

Айта кетсек, чет өлкөдө добуш бергендердин саны тууралуу маалымат жакынкы убакытта келет. Аны Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына келүү алдында турган тышкы иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү бериши керек. Толук маалымат кийинки чыгарылышта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков