Казакстанда референдум өтүп жатат

05.06.2022, 13:38

Бүгүн казакстандыктар жалпы элдик референдумга добуш берип жатышат. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга 11 миллион 700 миңден ашуун жаран катышууга укуктуу. Республиканын аймактарында он миңден ашык шайлоо участкалары ачылды. Кошумчалай кетсек, 52 өлкөдө 65 шайлоо участогу уюштурулган. Эске салсак, президент Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү менен толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү Казакстан элинин ассамблеясынын жыйынында сунуштаган. Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка бугу айынын 5де кол койгон. Мындай жалпы элдик референдум эгемендүү мамлекеттин тарыхында эки жолу өткөрүлгөн. Акыркы жолу казакстандыктар 27 жыл мурун референдумга добуш беришкен.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков