«Казак геральдикасы» китеп-альбому жарыкка чыкты

03.06.2022, 19:28

Эгемендүү мамлекеттин тамыры терең символдорунун тарыхы ар тараптан изилдениши керек. Бул тууралуу борбор калаада өткөн илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө айтылды. Окумуштуулар гунндар доорунан бери ташка чегилген белгилер казак элинин эмблемасына айланганынын тарыхый маанисин окумуштуулар баса белгилешти. Байыркы символдордун сырларын илимий жактан ачуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле, конференция алкагында байыркы эмблемалар менен атрибуттар камтылган «Казак геральдикасы» деген китеп-альбом жарыкка чыкты.

Асылбек Байжума уулу, Геральдикалык изилдөө борборунун мүдүрү:

- Акыркы 3-4 айда көргөзмөбүздүн кызматкерлери, Каржаубай Сарткожа уулу өңдүү окумуштуулар менен бирдикте казак геральдикасы китебин жазып чыктык. Бул жерде биздин негизги максатыбыз тарыхтын символдорун айтуу, башкача айтканда, жаш муундарга жеткирүү. Алардын ичинде биздин байыркы гунндардын доорунан ташка чегилген тарыхый белгилер, кийинчерээк ар бир облуста, райондо болгон белгилер боюнча изилдөөлөрдү камтыган аймактык белгилер бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков