Шайлоо участкаларында EXIT POLL болот

03.06.2022, 12:45

Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча добуш берүү күнү Казакстанда шайлоо участкаларында эксит-полл жүргүзүлөт. Сурамжылоону коомдук активисттер алышат. Алар калктын 7%ын камтууну көздөшүүдө. Алынган маалымат реалдуу убакыт режиминде добуш берүүнүн аралык жыйынтыктарын билүүгө жардам берет. Учурда респонденттерди тандоонун методологиясы аныкталган.

Алибек Тажибаев, Социалдык фонддун долбоордук жетекчиси:

- Биздин оюбузча, шайлоодо эл көп болот. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Буга кошумча өнөктүк казакстандык шайлоочулар үчүн жаңылык эмес экенин да айткым келет. Ошондуктан биз каалаган убакта добуштардын толук санын көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле фонддун өкүлдөрү Казакстан Республикасынын бардык шаарларында, облустук жана республикалык маанидеги калааларында, борборлордо, жада калса жаңыдан түзүлгөн аймактарда өкүлчүлүк кылат деп ишенимдүү айта алабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков