Казакстанга Түркиядан байкоочулар келет

03.06.2022, 11:38

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Мухаррем Аккая баштаган делегация Казакстанда кулжа айынын 5деги добуш берүү жараянына байкоо салат. Мухаррем Аккаянын айтымында, референдум эң маанилүү саясий өнөктүктөрдүн бири. Бул - эл өз тандоосун жасоого чоң мүмкүнчүлүк.

Мухаррем Аккая, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы:

- Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча кулжа айынын 5деги референдумга байкоо салабыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Түркестан шаарында болобуз. Бул менин Казакстанга алгачкы сапарым. Референдум - өтө маанилүү саясий өнөктүк. Элдин тандоосун чагылдырган демократиянын куралы.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков