Казакстандык авторлор Евразия киносунун көз карандысыз фестивалында мыкты деп таанылды

02.06.2022, 18:21

Лондондо өткөн көз карандысыз Евразия кинофестивалында казакстандык авторлор эң мыкты деп табылды. Журналист, жазуучу Наталья Махнонун «Бифуркация чекити» чыгармасы «Эң мыкты сценарий», Дильшат Рахматуллиндин «Бешик ыры» анимациялык тасмасы «Көрүүчүлөрдүн симпатиясы»  номинациясы боюнча сыйланды.

Питер Бланд, калыстар тобунун мүчөсү:

- Наталья Махнону жеңиши менен куттуктайбыз. Бир нече жакшы сценарийлер болду, бирок «Бифуркация чекити» чыгармасы өзүнүн нукуралыгы менен өзгөчөлөндү. Сценарий жаш кыздын тагдырына жана анын сүйүү сезимдерине негизделген.

Спенсер Хоукен, фестивалдын уюштуруучусу:

- Биз катышуучулардын чыгармачылыгына суктанабыз. Айрыкча Борбор Азиянын өкүлдөрүнө. Биз өз кинотеатрларыбыздан батыш кинолорун көп көрөбүз. Бирок мындай сынактар ​​Борбор Азия жана постсоветтик өлкөлөрдүн тасмаларын көрүүгө зор мүмкүнчүлүк берет жана бул абдан маанилүү.

Евразиялык чыгармачылык гильдиясы уюштурган кинофестиваль быйыл төртүнчү ирет өтүп жатат. Ага 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан жыйырма беш эмгек тартууланды. Белгилей кетсек, жыл сайын сынакка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн жүздөгөн таланттуу режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер, сценаристтер жана аниматорлор катышат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков