Нур-Султан шаардык Ikomek-109 байланыш борборуна референдум боюнча 7 миңден ашык арыз келип түштү

02.06.2022, 18:18

Оператор телефон аркылуу кеңеш берүүдө:

- Саламатсызбы? Оператор сизди угуп жатат. Референдум боюнчабы, түшүндүм.. Сиз катталган участкадан эсептен чыгаруу талонун ала аласыз. Биз шаар боюнча эмес, маалыматты сыртка чыккандарга гана беребиз. Өзүңүз менен бирге милдеттүү түрдө паспортуңуз болушу керек. Эсептен чыгаруу талонун алуу үчүн алгач өзүңүздүн участкага барып, арыз жазуу зарыл. Ошондой эле, поезд билетинин болгону да жакшы. Мейли, ийгилик!

Өткөн суткада борбор калаанын Ikomek-109 байланыш борборуна мындай чалуулар демейдегиден көп түшкөн. Шаардын бир жарым миң тургуну операторлорго республикалык референдумдун маселелери боюнча гана кайрылышкан. Тактап айтканда, элди кулжа айынын 5деги саясий өнөктүк учурундагы шайлоо участкалары, алардын иш графиги сыяктуу маалыматтар кызыктырат. Шаар тургундары суткасына 24 саат онлайн режиминде иштеген борбордун операторлорунан акысыз маалымат ала алышат.

Аскар Таксимов, Нур-Султан шаардык «Ikomek-109» мониторинг жана ыкчам байланыш борбору башчысынын милдетин аткаруучу:

 - Референдум деген эмне? Эмне үчүн добуш беришим керек? Менин жеке идентификациялык номерим кандай? Даректи билүү үчүн кайда барам, кайсыл участкага карайм деген суроолор абдан көп. Колл-борбордун операторлорунун мындай суроолорго байланыштуу базалык билимдери бар. Биз ар бир чалууларга жооп берип, референдум деген эмне экенин, катышуу үчүн кайда кайрылуу керек, шайлоо участкалары кайда жайгашканын түшүндүрөбүз. Жалпысынан Ikomek колл-борборунан тышкары бизде да Нур-Султан шаарынын акимчилигинин расмий веб-порталы, nsreferendum.kz, referendum.gov.kz, ошондой эле ns_referendum_bot телеграмм чаты сыяктуу башка кызматтарыбыз, буга кошумча Smart Astana мобилдик тиркемеси жана Ikomek- 109 байланыш борбору бар.

Жалпысынан бугу айынын 17нен  31не чейин борбордогу 109 номуруна жети миңден ашык чалуу катталган. Алсак, колл-борбордун адистеринин айтымында, күнүнө орто эсеп менен 500 кайрылуу келип түшөт. Бул референдум жарыяланганга чейинкиден беш эсе көп. Мындан тышкары, казакстандык эки банктын мобилдик тиркемелеринде саясий өнөктүккө катышууну каалагандарды маалымдоо үчүн атайын кызматтар ишке кирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков