Референдумга КМШ мамлекеттеринен 144 байкоочу көз салат

02.06.2022, 12:41

Кулжа айынын 5и жекшемби күнү референдумдагы добуш берүүгө көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен 144 байкоочу көз салат. Алар Казакстандын бардык аймагындагы шайлоо участкаларына бекитилди. Бул шериктештиктин байкоочуларынын 15-миссиясы. Анын курамына КМШнын аткаруу комитети менен парламенттер аралык ассамблеясынын, Орусия менен Беларустун парламенттик ассамблеясынын жана башка бир катар түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирди.

Леонид Анфимов, КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы:

- Биздин негизги кызматкерлер – узак мөөнөттүү байкоочулар, башкача айтканда, элчиликтердин жана штаб-миссиялардын өкүлдөрү. Алар бугу айынын 21нен тартып эле ишке киришкен. Калгандары добуш берүүгө 2-3 күн калганда гана келишет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков