Казакстан президенти БУУнун Баш катчысынын атайын өкүлү менен жолугушту

01.06.2022, 18:58

Ооганстандагы каатчылыкты турукташтыруу алкагында Казакстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин Касым-Жомарт Токаев менен уюмдун Баш катчысынын атайын өкүлү Дебора Лайонс Алматыда талкуулады. Мамлекет башчысы Казакстандын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш, Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү, аталган өлкөнүн студенттери үчүн билим берүү программаларын улантуу боюнча эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташууну улантууга кызыктар экендигин ырастады. Дебора Лайонс аталган уюмдун миссиясынын кызматына колдоо көрсөткөндүгү үчүн Казакстандын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков