Казакстан менен Түркия дарыгерлери тажрыйба алмашат

01.06.2022, 18:06

Балдар урологиясы, ортопедия жана балдар нейрохирургиясы. Казакстандык дарыгерлер аталган багыттар боюнча түрк кесиптештеринен тажрыйба үйрөнүшөт. Бул максатта Стамбулда борбор калаадагы №2-шаардык көп тармактуу балдар ооруканасы жана Ажыбадем ооруканасы менен стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Мындай кадам саламаттыкты сактоо тармагында менеджмент жана башкарууну өнүктүрүү кызматташтыктын дагы бир багыты болот. Иш сапардын алкагында казакстандык адистер дүйнөдөгү мыктылардын бири болгон CASE симуляциялык борборуна барышып, инновациялык технологиялар жана дарылоо ыкмалары менен таанышышты.

Гүлнар Кулушева, №2 шаардык көп тармактуу балдар ооруканасынын мүдүрү:

- Балдар жылынын алдында биз Түркия жана бул жердеги кесиптештерибиз менен тыгыз иштешип жатабыз. Буга чейин эл аралык мастер-класс өткөргөнбүз. Хирургия, балдар хирургиясы боюнча бир топ иштер аткарылды. Мындан Казакстанга Түркиядан дарыгерлер келип, кичинекей балдарыбызга операция жасашты. Бир эле Нур-Султан шаарынан эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан ар кандай көйгөйлөрдү таап, ага операция жасап көмөктөшүштү. Мындай эл аралык иш-чаралардын өтүшүнүн себеби, түрк кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу, жолугушуулардын негизги максаты.

Илияс Бенминисте, Ажыбадем ооруканасынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы:

- Бүгүн биз саламаттыкты сактоо тармагында маанилүү келишимге кол койдук. Максаты – адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу, келечекке бирдиктүү план түзүү. Көп тармактуу балдар ооруканасы менен иштешип жатканыбызга бир топ убакыт болду. Түркиялык дарыгерлер Казакстанга барып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков