Алматыда Ооганстан маселелери талкууланды

01.06.2022, 10:19

Алматыда Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Конференциянын катышуучулары тынчтык, стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти курууга биргелешкен умтулууларын ырасташты. Казакстан президентинин эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ержан Казыхан өз сөзүндө Европа Биримдиги менен кызматташуу аркылуу аймактагы коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо боюнча конкреттүү сунуштарды айтты. Бул жаатта катышуучулар Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жардам миссиясынын жаңыланган мандатын кубатташты.

Томас Николсон, Европа биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү:

- Борбор Азияда Казакстан өзгөчө роль ойнойт. Казакстан менен Ооганстандын мамилеси абдан жакшы. Атап айтканда, маданий жана соода тармагында Казакстан аталган өлкөгө ар дайым гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Жыйынга Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты жана биз Ооганстанды өнүктүрүү боюнча диалог жүргүздүк.

Алимхан Есенгелдиев, Казакстандын Ооганстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Диалог маселелери каралып, улантылууда. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн кандай жолдору бар? Албетте, биринчи кезекте социалдык-экономикалык, коопсуздук маселелери каралды. Ал эми бул диалогду кандай өткөрүү керек? Анткени басым көбөйгөн сайын маселе да күчөй берет. Анда радикалдуу, консервативдүү жана тилекке каршы экстремисттик уюмдар бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков