Борбордук референдум комиссиясы эл аралык байкоочуларды аккредитациялоону аяктады

31.05.2022, 14:34

Казакстандагы республикалык референдумга эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин 272 өкүлү көз салат. Эске сала кетсек, референдум кулжа айынын 5де өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен Евробиримдиктен, ошондой эле Германия, Индонезия, Иран, Түндүк Македония жана Эстониядан 14 байкоочу аккредитацияга көрсөтүлгөн.

Референдумга даярдык: 70 миң адам окуудан өттү

Белгилей кетсек, өлкөдө референдумга даярдык жигердүү көрүлүүдө. Референдумдун борбордук комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров 70 миңден ашык адис онлайн жана оффлайн форматында окуудан өтөрүн билдирди. Окуу жараяны бир нече этаптан турат.

Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

- Салттуу окутуу форматынан тышкары борбордук комиссия гибриддик онлайн/офлайн форматында дагы үч чоң семинар өткөрдү. Биринчиси, республикалык жана областтык коомдук бирикмелерге арналган. Андан соң мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдар жана массалык маалымат каражаттары үчүн жеке окуу семинарын өткөрдүк.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков