«Астана опера» театрынын режиссёру эл аралык сынакта байгелүү 2-орунду ээледи

31.05.2022, 15:29

«Астана Опера» капчыгында дагы бир беделдүү сыйлык. Театрдын режиссёру Еренбек Тойкенов Москвада өткөн «Нано-опера» эл аралык сынагында ардактуу экинчи орунду жеңип алды. Анда жаш адис калыстар тобуна жогорку кесипкөйлүк даярдыгын жана такшалган чеберчилигин гана эмес, Казакстандын опералык режиссура жаатындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн да көрсөткөн. Казакстандык катышуучунун кайталангыс таланты башка номинацияларда да белгиленип өттү. Ал көрүүчүлөрдүн сыйлыгын жана «Опера режиссёрлук искусствосуна чыгармачылык мамиле жасагандыгы үчүн» сыйлыктарга ээ болду. Борбор калаага кайтып келген режиссёрдун айтымында, сынак үч тур менен өткөн. Биринчисинде катышуучулар арияда, экинчисинде - дуэтте, үчүнчүсүндө - массалык сахнада иш алып барышты. Калыстар тобунун назарына Еренбек Тойкенов Джакомо Пуччининин “Турандот”, Джоаккино Россинин “Севиль чачтарачы”, Жорж Бизенин “Кармен” операларынын интерпретациясын тартуулады.

Еренбек Тойкенов, «Астана Опера» театрынын режиссёру:

- Бул өзүнчө бир тест, экзамен десек болот. Бул баарынан мурун режиссёр үчүн секирик. Мындай сынактардан кийин сунуштар түшө баштайт. Азыркы учурда башка театрлардан сунуштарды угуп жатам. Бирок тактоодон кийин гана барып сиздер менен бөлүшөм. Бул жерде эң негизгиси туура сөздөрдү тандоо. Убакыт чектелүү болгондуктан 10 мүнөт гана, ал эми массалык сахнага 15 мүнөт берилет. Эң кыйыны бул убакыттын ичинде баарына жетишүү. Калыстарга келсек, алар абдан атактуу режиссёрлор, көркөм жетекчилер, дээрлик бардыгы эл артисттери. Бир сөз менен айтканда, өз тармагынын адистери.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков