Рим папасы Казакстандын конфессиялар аралык келишимге кошкон салымын белгилеп өттү

31.05.2022, 17:24

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Касым-Жомарт Токаевдин «Жаңы Казакстанды» түзүү жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы жалпы элдик референдумдун алкагында жүргүзгөн саясий жана экономикалык реформаларына жогорку баа берди. Бул тууралуу Рим папасы Франциск Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушууда билдирди. Ал Казакстан Борбордук Азиядагы Ватикандын ишенимдүү өнөктөшү экендигин белгилеп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII съездинин күн тартибин да талкуулашты. Эске салсак, ал аяк оона айында Нур-Султан шаарында өтөт. Казакстандын Тышкы иштер министри Ыйык Тактын мамлекеттик катчысы кардинал Пьетро Паролин жана диндер аралык диалог боюнча Папа кеңешинин төрагасы кардинал Мигель Анхель Аюсо Гиксот менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мухтар Тлеуберди Мамлекет башчысынын атынан конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайынын идеяларын жайылтууга кошкон салымы үчүн кардинал Мигель Анхель Аюсо Гиксотко II даражадагы «Достук» орденин тапшырды.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков