Казакстанда саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо иштери улантылат

31.05.2022, 17:19

Бүгүн Мамлекет башчысы саясий репрессиянын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерди. Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарындагы «Ачарчылык курмандыктарына таазим» монументалдык комплексине гүлчамбар коюу аземине катышты. Салтанаттын катышуучуларынын жана конокторунун арасында каргашалуу доордо курман болгондордун жакындары менен туугандары болушту. Тарыхый маалыматтарга караганда, 1927-1953-жылдары Казакстанда 125 миң адам саясий себептер менен куугунтукталган. Анын ичинен 25 миң киши атылган. Казакстандын аймагында тогуз жүздөн ашык лагерь, анын ичинде атактуу ГУЛАГдын түзүмдөрүнө кирген лагерлер иштеген. Репрессиялангандардын арасында казактын белгилүү саясатчылары, улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү бар. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү да куугунтукка алынган. Ошентип, саясий туткундардын аялдары, туугандары, балдары АЛЖИРге жөнөтүлгөн. Өлкөдө «Массалык саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө» мыйзам 1993-жылы эгемендүүлүк жарыялангандан кийин кабыл алынган. Бул жылдар аралыгында Казакстанда 14 «Эскерүү китептери» басылып чыгып, анда дээрлик 146 миң 500 бейкүнөө жарадар болгон мекендештердин ысымдары жазылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков