Президент мамлекеттик жана коомдук ишмер Бердибек Сапарбаевди кабыл алды

30.05.2022, 19:31

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик жана коомдук ишмер Бердибек Сапарбаевди кабыл алды. Жолугушууда ал мамлекет башчысына аймактарда аткарылып жаткан иштер, анын ичинде социалдык маселелер жана өзү иштеген Жамбыл облусундагы долбоорлор тууралуу маалымат берди. Бердибек Сапарбаев Касым-Жомарт Токаевге кургакчылык болгондо айыл чарбасын алсыратпай мындан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле жергиликтүү бийлик жана ата-энелер менен биргеликте балдарды эмгекке тартуу ишин колго алуу тууралуу сунуштарын айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков