Арал деңизинин экологиялык абалын жакшыртууга арналган инвестиция

30.05.2022, 12:53

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун экологиялык маалымат алмашуу платформасын биргелешип түзүү программасы мүчө мамлекеттердин жаратылышты коргоо органдарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйынында бекитилди. Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин комитетинин төрагасы Зулфухар Жолдасов экология маселелери боюнча кызматташууну кеңейтүү боюнча бир катар демилгелерди сунуштады. Алардын бири ШКУга мүчө мамлекеттердин экологиялык көйгөйлөрү. Башкармалыктын башчысы белгилегендей, аянтчаны түзүү, биргелешкен көйгөйлөрдү чечүүгө, долбоорлорду каржылоого эл аралык донордук жардамды жана инвестиция тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, спикер Арал деңизинин экологиялык жагдайын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады. Мисалы, 2025-жылга чейин жалпы көлөмү 1,1 миллион гектар аянтка сөксөөл отургузуу пландалууда.

Зулфухар Жолдасов, Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин экологияны жөнгө салуу жана көзөмөлдөө комитетинин төрагасы:

- Арал деңизинин экологиялык абалын жакшыртуу үчүн 4,5 миллион гектар жерге сөксөөл отургузуу керек. Буга байланыштуу биз деңиздин кургаган түбүн фитомелиорациялоо программасын жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өзгөчө корголуучу аймактарын жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча кызматташуу программасын иштеп чыгууну сунуштайбыз. Урматтуу кесиптештер, алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн жогоруда айтылгандай айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлорду каржылоо механизмдери керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков