Казакстан эл аралык каттамдарын көбөйттү

30.05.2022, 12:48

Жумасына 352ден 433кө чейин. Казакстан дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу жана карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү алкагында эл аралык каттамдардын санын көбөйттү. Алсак, Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча, жайкысын туристтердин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Түркия, Египет, Грузия жана Орусия сыяктуу 99 каттам боюнча үзгүлтүксүз каттамдар ишке ашырылат. Мындан тышкары, Италия, Чехия жана Грецияга жаңы авиа каттамдар ачылууда.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков