Казакстандын дары-чөптөрү чет элде сатылышы мүмкүн

27.05.2022, 15:15

Көчмөндөр медицинасын жаңыртуу. Бул маселени казакстандык окумуштуулар колго алышмакчы. Улуу Талаанын тургундары илгертен эле дары чөптөрдү колдонуп келишкен. Биологдор өсүмдүктөрдүн касиеттери толук ачыла электигин, ошондуктан чөптөрдү терең изилдөөнү көздөп жатканын айтышты.

Виктор Камкин, Биология илимдеринин кандидаты:

- Бул өсүмдүктөр күчтүү дарылык касиетке ээ. Алар адамдын организминин ар кандай ооруларын дарылоодо колдонулат. Чөптөрдү өзүбүз өстүрүп алсак, ички керектөөбүздү толук канааттандыра алабыз. Ал тургай  экспортко да чыгарабыз. Маселен, өзүбүзгө белгилүү миа тамырынын  жүз граммы Европа базарында 8 евро турат.

Павлодар областындагы дарамети жогору баалуу өсүмдүктөрдүн бири – кийик оту. Ал коронавирустун белгилерин алдын алууда абдан натыйжалуу болуп чыкты.

Айдана Камарова, Торайгыров Университетинин докторанты:

- Биз кийик отунан, тактап айтканда анын жалбырактарынан, гүлдөрүнөн чай жасоону пландап жатабыз. Бул чөп чай - функционалдуу суусундук болот. Анын эч кандай терс таасирлери жок. Даамы да жагымдуу.

Өсүмдүктөрдүн фармакологиясын өнүктүрүүнүн дагы бир маанилүү бөлүгү – бул топурактын асылдуулугун калыбына келтирүү. Белгилүү болгондой, айыл чарба жерлери чөлгө айланууга дуушар болушат жана анда дан же жашылча өстүрүү мүмкүн эмес. Чарба ээси үчүн мындай жерлер жок болгон менен барабар. Окумуштуулар тузга туруктуу дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүүнү сунушташат, алар үчүн мындай чөйрө коопсуз. Мындан тышкары, адистер өсүмдүктөргө негизделген дары-дармектерди өндүрүү тармагы экологиялык туризмдин негизи болушу мүмкүн деп айтышат. Анын ичинде кызыктыра турганы – фито өнүмдөрдүн даамын татып көрүү, чийки затты өстүрүү жараянын көзөмөлдөө болушу мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков