Ералы Тогжанов: аялдардын пенсия курагын кыскартуу маселеси күн тартибинде

12.05.2022, 16:34

Өкмөттө аялдардын пенсия курагын кыскартуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ералы Тогжанов билдирди. Аталган маселе жыл аягына чейин Социалдык кодекстин алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда кеңири талкууланат.

Бул маселени шахтёрлор гана көтөрүп жаткан жок. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери да ушинтип айтышат. Азыр аялдардын пенсияга чыгуу курагы 60 жаштын тегерегинде. Маселе күн тартибинде турат. Дагы бир нече талкуулар жүрөт - деди өкмөт башчысынын орун басары.

Айта кетсек, жакында эле мажилис депутаты Ерлан Смаилов аялдардын пенсия курагын 58 жашка чейин кыскартууну сунуштаган.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков